Учурда коомдук тамактануу жайларды тандалышы бир катар факторлор менен шартталып, керектөөчүлөрдүн жаш курагы, маданий баалуулуктары жана социалдык статусу менен тыгыз байланышта. Бул макалада ар кандай муундардын (Z, X, У жана беби-бумерлер) коомдук тамактануу жайларына болгон мамилеси жана тандоодогу артыкчылыктары изилденет. Методология. Бишкек шаарында жашаган 210 респонденттин арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын ресторан тандоодогу артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрүн аныктаган негизги факторлор изилденди. Изилдөө эмпирикалык маалыматтарга негизделип, катышуучулардан сурамжылоо аркылуу алынган жооптор сандык жана сапаттык ыкмалар менен талданды. Жыйынтыктар графикалык материалдар аркылуу көрсөтүлүп, ар бир муундун жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү салыштыруу жолу менен чечмеленди. Изилдөөнүн жыйынтыктары. Муундар аралык айырмачылыктар коомдук тамактануу жайларын тандоодо, тамак-ашка жана тейлөөгө болгон мамиледе маанилүү роль ойнойт. Z мууну социалдашууга жана тез тамактанууга ыктап, эстетикага жана ылдамдыкка көңүл бурат. X мууну жана беби-бумерлер көбүрөөк салттуу баалуулуктарды карманып, үй-бүлөлүк себептер менен ресторан тандашат. Бул жыйынтыктар ресторан ишмердүүлүгүндө, маркетинг стратегияларын иштеп чыгууда жана тейлөө кызматын өнүктүрүүдө негиз катары кызмат кыла алат.